Мухаммад Расул Салиев Беларуста өтүп жаткан КМШ оюндарында коло медаль жеңди. Бул тууралуу аталган спорттук иш-чаранын расмий сайтына жарыяланды.
Эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмак категориясында күч сынашкан кыргыз балбаны коло байге үчүн болгон беттеште армениялык Нарек Акобян аттуу спортчуну 13-2 эсебинде жеңип алды. Муну менен ал улуттук курама команданын капчыгына 9-медалды алып келди.
Белгилей кетсек, II КМШ оюндары Беларусь өлкөсүндө өтүп жатат. Ага 12 мамлекеттен спортчулар катышып, спорттун 20 түрүнөн күч сынашууда. 4-августта башталган мелдештер 14-август күнү жыйынтыкталат.