Кыргызстандык 3 спортчу билярддын пирамида түрү боюнча эл аралык рейтингде алдыңкы ондукка кирди. Бул тууралуу bill4you.ru басылмасы жарыялады.
Аталган тизмеде кыргыз билярдчысы Азиз Мадаминов 2-орунду ээлеген. Ал буга чейин 3 күмүш, 2 коло медаль жеңип жалпы 6405 упай топтогон. Ошондой эле 69 жолу оюнга чыгып, 51 ирет жеңишке жетишкен.
Дагы бир кыргыз спортчусу Дастан Лепшаков 5080 упай менен 5-катарга жайгашты. Анын эсебинде 1 алтын, 1 күмүш жана 5 коло байге бар. Ал 64 беттештин 47синде жеңүүчү аталган.
Ал эми Ызатбек Ратбеков 4625 упай менен 7-орунга илинди. Мекендешибиз 2 алтын, 1 коло байге уткан.
Аталган рейтингде 1-орунду орусиялык Никита Володин жетектеп келүүдө.