Мюнхендик "Бавария" клубу "Тоттенхэмден" Гарри Кейнди сатып алууга даяр. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Англия курама командасынын 30 жаштагы чабуулчусу бүгүн, 12-августка караган түнү жаңы клуб менен келишим түзө алат. Учурда Гарри Кейн "Баварияга" кошулуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүүгө даярданып жатканы айтылууда.
"Бейшемби күнү кечинде сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы жакшы жыйынтыкталды. "Бавария" бүгүн Кейн менен келишим түзө турганына ишенип жатат", - деп жазган инсайдер Фабрицио Романо социалдык тармактагы баракчасында.
Буга чейин спорт басылмалары Кейн "Тоттенхэмден" кеткиси келип жатканын, ал эми "Бавария" клубу чабуулчуга 4 жылдык келишим сунуштаганын жазып чыгышкан. Трансфердин болжолдуу суммасы 100 миллион евродон жогору болушу мүмкүн.
Белгилей кетсек, Кейндин "Тоттенхэм" менен келишими 2024-жылдын 30-июнуна чейин жарактуу. Гарри Кейн аталган клубда 2011-жылдан бери ойнойт. Ал өткөн сезондо 38 беттешке чыгып, 30 гол жана 3 жолу топ чыгарып берүүгө жетишкен.