Көк бөрү боюнча дүйнө чемпиондугунда күч сынаша турган атаандаш командалар белгилүү болду. Чүчү кулактын жыйынтыгын бүгүн, 11-августта Көк бөрү федерациясы жарыялады.
Маалыматка ылайык, Жогорку лигадагы 8 команда төрт-төрттөн эки тайпага бөлүндү. А тайпасына Кыргызстандын "Ынтымак", "Сары-Өзөн", "Достук" жана "Мурас" командалары, Б тайпасына Казакстандын "Түркстан", "Шымкент", "Астана" жана "Жети-Суу" командалары түштү.
Ал эми Биринчи лигадагы 12 команда 4 тайпага бөлүндү. Алар:
А тайпасы - "Екатеринбург", "Алтай" жана "Караганда"
Б тайпасы - "Москва", "Красноярск" жана "Новосибирск"
В тайпасы - "Жаштык", "Алтын-Альянс" жана "Ийгилик"
D тайпасы - "Өзбекстан", "Ооганстан" жана "АКШ"
Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча дүйнө биринчилиги 13-20-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтөт.