КМШ оюндарында тайбокс боюнча эки кыргыз мушкери рингге чыгат

Бүгүн, 11-август күнү КМШ оюндарынын алкагында тайбокс боюнча өтүп жаткан мелдеште Кыргызстандын эки мушкери рингге чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Беларусь өлкөсүнүн Брест шаарында өтүп жаткан беттеште 51 килограммга чейинки салмак категориясында Алмагүл Жоробекова Орусиянын мушкери менен беттешет. Ошондой эле 67 килограммга чейинки салмакта Руслан Данияр уулу да орусиялык мушкер менен беттешери айтылат.
"Мелдешке жалпы 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Беларусь, Орусия) спортчулары катышууда.
Кыргызстандын атынан 7 спортчу катышып жатат. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат", - деп жазылат анда.
Тайбокс боюнча мелдештер 9-август күнү башталган, 13-августка чейин уланары кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан