Көк бөрү: "Ынтымак" Сары-Өзөндү" жеңди 

"Ынтымак" командасы Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө биринчилигиндеги алгачкы беттешинде күчтүү делген "Сары-Өзөндү" жеңип алды.

Тайпалык баскычтагы Достук кубогу үчүн болгон оюн 5:1 эсебинде таластык команданын жеңиши менен аяктады. Беттеште "Ынтымактын" катарынан Нуржан Мелисбек уулу 3 салым таштаса, Өмүрбек Эсен уулу менен Кушчубай Илис уулу бирден улак салышты.

Ал эми "Сары-Өзөндүн" жалгыз салымын команданын капитаны Сейитбек Анарбек уулу жаратты.

Белгилей кетсек, Чолпон-Атада өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын Жогорку лигасында ойногон 4 команда (Ынтымак, Достук, Сары-Өзөн жана Мурас) Казакстандын күчтүү делген 4 командасы менен (Астана, Жетису, Шымкент, Түркстан) Достук кубогу үчүн күч сынашат. Дүйнө биринчилиги 20-августка чейин созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан