Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугуна катышып жаткан америкалык команданын мүчөсү Лед Хаувел Кыргызстандын улуттук курама командасында ойноо ниети бар экендигин билдирди.
"Ооба көк бөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курамасында ойногум келет. Мен бул жөнүндө бир топ адамдар менен сүйлөштүм. Эмне болорун көрөбүз дагы. Мен келишим кандай болорун билбейм. Эң башкысы жубайым менен сүйлөшүшүм керек. Ал учурда АКШда", - деди америкалык көк бөрүчү.
Лед Хаувел 2021-жылы өткөн Эл аралык мелдешке да АКШ командасын баштап келген. Ал эми бул жолу буга чейин таптакыр көк бөрү ойноп көрбөгөн жигиттер менен келгенин белгиледи.
"Мен өзүм көптөн бери эле машыгып келем. Анткени мен буга чейин да көк бөрү тарткам. Ал эми булар, менин досторум биринчи жолу ойноп жатышат. Мен аларга ар күнү машыгуу керектигин айтып жатам. Анткени улак абдан оор. Алар ат үстүндө мыкты жүрүшөт. Америкада "родео" (ковбойлордун салттуу оюну) ойношот. Бирок баары бир ал оюн көк бөрүдөн айырмаланып турат. Седло (ковбойлордун ээр токуму) менен ээр токумдун ортосунда бир топ айырмачылык бар. Ошондуктан баары бир ат үстүндө кандай аракеттерди жасоо керектигин билишибиз зарыл. Улакты да өзүң менен кошо ташып жүрөсүң. Буга көнүш керек", - деди ал.
Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 13-20-август күндөрү өтөт. Ага АКШ баштаган 6 мамлекеттен 22 команда катышууда. Дүйнө биринчилигинин байге фонду 11 миллион сом.
АКШ курамасы турнирдеги алгачкы оюнун 15-август күнү Өзбекстан - Ооганстан беттешинде жеңүүчү болгон тарапка каршы өткөрөт.