КМШ оюндарында өлкөнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы 3 медаль жеңди

КМШ оюндарында өлкөнүн кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы 3 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасы Беларус өлкөсүнүн Солигорск шаарында өтүп жаткан мелдеште 1 алтын, 1 күмүш, 1 коло жеңди.

Курама команда машыктыруучу Азамат Рыскулбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышканы айтылат.

"82 килограммга чейинки салмакта катышкан Нурзат Нуртаева алтын медаль тагынды. Ошондой эле 62 килограммга чейинки салмак категориясында Дилназ Сазанова күмүш медалга ээ болду. Ал эми 59 килограммга чейинки салмакта Бермет Нуридин кызы коло медаль тагынды", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан