Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугуна катышып жаткан америкалык команданын оюнчусу Жейс Нисвета аталган спорт тууралуу Кыргызстанга келерде биринчи жолу укканын билдирди.
"Америкада мага досум чалып көк бөрү ойногуң келеби деп айтып калды. Мен биринчи жолу угуп жатам, ал эмне болгон оюн дедим. Бирок Ютубдан оюндарды көрүп чыктым да кана анда ойнойлу, сонун болот деп келе бердим", - деди Жейс Нисвета.
Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 13-20-август күндөрү Чолпон-Атада өтөт. Ага АКШ баштаган дүйнөнүн 6 мамлекетинен 22 команда катышууда. Мындай деңгээлдеги мелдеш көк бөрү тарыхында биринчи ирет болуп жатат. Анын башкы максаты - көк бөрүнү эл аралык деңгээлде өнүктүрүү жана мамлекеттер аралык ынтымакты бекемдөө.