
Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугуна катышып жаткан америкалык улакчылар Кыргызстандан кайсы команданы жана оюнчуларды жактырарын айтышты.
"Мен "Сары-Өзөн" жана "Достук" командаларын жакшы көрөм. Ал эми оюнчулардан Сейитбек (ред: Сейитбек Анарбек уулу), Рустам (ред: Рустам Тыналиев) аябай жакшы ойнойт. Манас Ниязов жана анын бир туугандары да мыкты. Булардын баары бизге аябай жардам беришкен. Баары сонун жигиттер", - деди америкалык команданын оюнчусу Лед Хаувел.
Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 13-20-август күндөрү
Чолпон-Атада өтүүдө. Мелдеште Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Ооганстан, АКШ жана Орусиядан келген 22 команда ат салышып жатат.