Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугунун байге фонду айтылды

Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугунун байге фонду 11 миллион сом. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев билдирди.

Анын айтымында байге фондунун 5 миллион сому Достук кубогу үчүн (Кыргызстан жана Казакстандын 8 командасы), 5 миллион сому Клубдар лигасы үчүн (дүйнөнүн 12 клубу катышкан мелдеш) жана 1 миллион сому Ардагерлер кубогу үчүн коюлган. Ошондой эле Талас Бегалиев аталган мелдеште 1-2-3-орунду багындырган командалардан тышкары катышкан бардык командаларга акчалай сыйлык тапшырыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпиондугу 13-августтан 20-августка чейин Чолпон-Ата шаарында өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан, АКШ жана Өзбекстандан келген 22 команда катышууда. Ал эми чакыруу жиберилген дагы эки өлкө, тактап айтканда Түркия менен Монголия белгисиз себептерден улам келген эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан