Жалал-Абадда "Барселонанын" академиясынын курулушу аяктады (видео)

Жалал-Абадда салынып жаткан "Barca Experience" академиясынын курулушу аяктады. Бул тууралуу аталган академиянын жетекчилиги расмий баракчасына жарыялап, видеосу менен бөлүштү.

Академиянын расмий ачылыш аземи 29-августта болот. Ага президент Садыр Жапаров, "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта, Карлос Пуйоль, Рональдинио баштаган каталондук клубдун легендарлуу футболчулары, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана Өзбекстан, Казакстандан чакырылган коноктор катышат.

Ал эми 30-август күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Барселона легендалары менен Борбордук Азия легендалары беттеш өткөрөт.

Белгилей кетсек, Жалал-Абаддагы "Барселона" академиясы кыргызстандык жаш футболчулар менен бирге бүткүл Фергана аймагы боюнча жаштарга эшигин ачат. Испаниялык клубдун дүйнө жүзү боюнча жалпы 28 академиясы бар.

Жалал-Абаддагы "Барселонанын" академиясы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан