6-июлда Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда “Кымыз” фестивалы өттү. Улуттук суусундукту өндүргөн ишкерлерди колдоого багытталган бул саамалыкка 7 дубандан 10 тоннадай кымыз алынып келип, жарманкеде сатыкка коюлду.
27 жылдан бери бээ саап, кымыз жасап келе жаткан Рыскүл Кадыралиева фестивалга 500 литр кымыз алып келген. Ал Чүй облусундагы Суусамыр айылынын тургуну.
"Бул фестивалга 2016-жылдан бери катышып келебиз. Ошол күндөн тарта элдин добушу менен ийгиликтерге жетишип жатабыз. Кымызды сабага жасайбыз. Кымыз алгач арчага ышталат. Андан соң куйрук май менен майланат. Кымыз ачыткы куюп, бээнин саап келинген сүтүн куябыз. Кымыз канча бышылса, ошондо даамдуу болот. Жакшы жасалган кымыз көпкө чейин сакталат, ичкиликтүү болот. Бээни июнь айында саат сайын саайбыз, 10 бээден 1 чакадай сүт алса болот.
Бээни 17 жашымдан бери саап келем. Ата-энем мал карагандыктан кичинемден кымыз ичип чоңойдум. Турмушка чыккандан кийин да кымыз жасоо менен алектенем", - дейт ал.
Кымызчы Рыскүл Кадыралиева айрым сатуучулар кымызга суу, дары кошуп жатканын айтып, бул суусундуктун чыныгы даамын жоготууга алып келет деп эсептейт.
"Кардарлар кымыз алганда алгач тазалыгын сурашат. Анткени азыр көбү кымызга суу, дары кошуп сатышат. Бул туура эмес. Акты булгабай, ата-бабадан калган суусундукту сакташыбыз керек", - деди Кадыралиева.