Бүгүн, 6-июль күнү Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда "KYMYZ-FEST-2024" аталышындагы фестиваль болуп өттү.
Ага өкмөт башчы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери жана аймактардан келген кол өнөрчүлөр, коноктор катышты.
Фестивалда көргөзмөлөр, жети дубандан келген келген кымыздын кеңири тандоосу, кыргыз ашканасы жана боз үйлөр шаарчасы, улуттук оюндар орун алды.
Келген меймандарга концерттик программа тартууланып, улуттук калориттеги буюмдар, кийим-кече, тамак-аштын жарманкеси уюштурулду.
Салтка айланган бул иш-чара "Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыгын аткаруунун алкагында өткөрүлдү.
SUPER.KG порталы көчмөн элдин турмушун чагылдырган кымыз фестивалынан сүрөт баян тартуулайт.