Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайырбек Ташиев ИИМде күбө катары суралууда. Бул тууралуу анын тарапташы Орозбек Осмонов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Акыркы күндөрү Ташиев Шайырбек ИИМге сурак берүүдө деген маалыматтарды жазып жатасыздар. Ал күбө катары гана суракка барып жатат. Мыйзам жазган, аны сыйлаган киши катары бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткарып жатат",- деп белгилеген ал.
Буга чейин маалымат каражаттары экс-депутат сурак берип жатканын жазышкан. Анын алдын Улуттук банктын мурдагы башчысы Мелис Тургунбаев "Кыргызнефтегаз" боюнча сурак берип, камакка алынганы айтылган.
ИИМ азырынча расмий маалымат бере элек.