Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Биринчи радиого" курган маегинде мугалимдердин айлык акыларындагы коэффициенттер теңдештирилгенин билдирди.
Ал буга чейин маянада предметтерге жараша айырма болгонун белгиледи.
"Айрым предметтер өзөктүү болуп эсептелет. Климаттын өзгөрүшүндө, ден соолук коопсуздугунда, илимге багытталган предметтердеги мугалимдердин аз болушуна байланыштуу аларга дем берүүчү, кошумча катары акы берилип келген",- деди министр.