Биз социалдык тармакта

Камила Талиева Баткенде каза тапкан жубайлардын 5 баласынын маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Баткенде өлүм менен коштолгон жубайлардын окуясынан кийин жетим калган 5 бала мамлекеттин камкордугуна алынышы керектигин айтты.

Эл өкүлү аялдар менен балдардын зомбулукка кабылуусу көбөйгөнүн белгилеп, ИИМди тиешелүү иштерди алып барууга чакырды.

"5 бала мамлекеттин, жакындарынын камкордугуна алынышы керек. Социалдык жактан коргоо, алардын жашоо-шартын, тамак-ашын, кийим-кечесин камсыздоо, жөлөк пул маселесин караш керек. Анан балдарга психикалык жактан жардам көрсөтүлүшү шарт, анткени алар окуяга күбө болуп жатышат",- деди Талиева бүгүн, 29-апрелдеги парламент жыйынында.

Эске салсак, 26-апрелге караган түнү Баткендин Чоң-Кара айылында 45 жаштагы жаран (күйөөсү) 44 жаштагы жубайын бычактап, өзү асынып алган факт катталган.


Камила Талиева жубайлардын каргашасынан жетим калган 5 бала маселесин көтөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан