Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар баңги топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда андан баңгизат каражаты жана баңгизаттарды сатуудан түшкөн ири өлчөмдөгү акча каражаты табылган. Соттун чечими менен кармалган шектүү жаран 2 айга тергөө абагына камакка алынган.