Жүзүн толук чүмкөп алгандарга салынуучу 20 миң сомдук айып пулду 10 миң сомго түшүрүү сунушталды. Жогорку Кеңештин беш депуаты иштеп чыккан мыйзам долбоору парламенттин сайтында коомдук талкуу бөлүмүнө чыгарылды.
Долбоордо мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырган адамдарга айып пул салынары көрсөтүлөт. Ал эми чет өлкөлүк жарандарга жана атайын медициналык беткап тагынгандарга биринчи жолу эскертүү берилет. Эгер алар бир жыл ичинде эскертүүнү эске алышпаса, анда 10 миң сом айып пулга жыгылышат. Оозу-мурдун жаап алуу мыйзам бузуу болуп эсептелинбейт.