Бишкекте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 22 жана 20 жаштагы жигиттер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар баңгизаттарды жашыруун жайларга катып келишкен. Шектүүлөр колго түшкөндө жанынан 5 таңгак табылган.
Мындан тышкары, кармалгандар буга чейин баңгизаттарды каткан жерлерин көрсөтүшүп, 20 таңгак табылган.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.
Учурда тергөө иштери уланууда.