Бишкекте токтоп турган унаанын дөңгөлөгүн жарууга шектелген 29 жаштагы аял кишиге чара көрүлдү. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 8-сентябрда Жал кичирайонунда болгон. Шектүүгө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлгөн. Топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.