
Ош шаарында унаа уурдоого шектелип 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал эки Honda Fit үлгүсүндөгү унааны уурдаган. Шектүү бирин 3-сентябрь түнү, дагы бирин 4-сентябрь түнү токтоп турган жерлеринен айдап качкан.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон. Колго түшкөн шектүү уурдалган унаалардын турган жерлерин көрсөтүп берген. Натыйжада темир тулпарлар ээлерине кайтарылган.