Социалдык тармактарга белгисиз кыз эркек кишини кайырчылык кылууга таштап кеткендиги тууралуу видео тарады. Аны эркин журналист Мунарбек Имаров жарыялады.
Окуя боюнча бүгүн, 13-сентябрда шаардык милиция маалымат берип, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштаганын белгиледи.
Маалыматка караганда, 2009-жылы туулган чет өлкөлүк жашы жете элек кыз өзү кайырчылык кылбастан, эркек кишини кайырчылык кылууга унаа жолуна калтырып кеткен. Ал кармалып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мыйзам талаптары түшүндүрүлдү.
Кийин кыз жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине өткөрүлүп, алдын алуу борборуна жайгаштыруу үчүн жөнөтүлгөнү кабарланды.