Биз социалдык тармакта

Манас шаарында эки курулушчу 11-кабаттан кулап каза болду

8-сентябрь күнү саат 14:17 чамасында Манас шаарындагы Малашов көчөсүндө жайгашкан "Алинур-3" турак жай комплексинин курулушунда кырсык катталды.

Жалал-Абад ШИИБинин маалыматы боюнча, фасадды жасалгалоо иштерин жүргүзүп жаткан учурда жумушчуларды көтөрүп турган люк сынып кеткен. Натыйжада 2003-жылы туулган М.М. жана 2004-жылы туулган Т.М. 11-кабаттан кулап, окуя болгон жерде каза болушкан.

“Бул факт Манас ШИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу барып, кароо жүргүзгөн. Каза болгондордун өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан