Биз социалдык тармакта

Ошто кардарын сыздаткан адвокат кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектелип адвокат кармалды. Бул тууралуу кечээ, 14-сентябрда калаа милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, анын кардары ачылган кылмыш ишинин алкагында 2024-жылы мамлекетке 18 миллион сом төлөөгө милдеттендилирген. Бирок адвокат кардарын айтылган сумманы башка эсепке которткон. Ошондой эле жактоочу башка дагы кылмыш иштерин козготпоону убадалап, андан 34 миң доллар алган. Деген менен шектүү убадасын аткарбастан, акчаларды өзү каалагандай пайдаланып салган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан