Биз социалдык тармакта

Чүйдөгү мектепте иштебеген адамдарга эле айлык төлөнүп келгени аныкталды

Чүйдүн Ак-Сай айылындагы мектепте иштебеген адамдарга мыйзамсыз айлык акы төлөнүп келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, мектептин жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана эмгек акы төлөө тизмелерине жалган маалыматтарды киргизип, иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы эсептеп турушкан. Натыйжада мамлекетке 1 миллион 700 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан