
Бишкекте концерт уюштуруу шылтоосу менен алдамчылык жасаган деп шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, шектүүнүн карызы 1 миллион 166 миң 400 сомду түзөт. Ал билет сатып, натыйжада концерт уюштурган эмес. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши ачылып, ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин аталган кылмыш иши боюнча 25 жаштагы жаран кармалганы
кабарланган.