Бишкек шаарында 18 жаштагы кыз "мефедрон" синтетикалык баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу 16-сентябрда Бажы кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, алынган баңгизаттын партиясын мыйзамсыз саткан учурда бул ишке тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз кирешеси 10 миллион сомдон ашмак.
Аталган факт боюнча баңгизаттын келип чыгуу булагын, аны мыйзамсыз ташып келүү каналдарын, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.