Бишкекте мушташууга шектелип 19 жаштагы үч жана 20 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, төрт кыздын ортосундагы чыр бүгүн, 17-сентябрда түнкү саат 02:48 чамасында ГУМ соода борборунда жайгашкан кафеде болгон.
Кыздар Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүлөрдүн бирине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү жолдомо берилген.