Биз социалдык тармакта

Чаткалда окуучунун өлүмүнө шектелип төрт өспүрүм кармалды

Чаткалда 15 жаштагы окуучунун өлүмүнө шектелип 4 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрда аймактагы Жаңы-Базар аймактык ооруканасына жетпей 15 жаштагы өспүрүм каза болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 15 жаштагы төрт өспүрүм шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан