Чүйдө эс алуу үчүн тоого барып таштанды таштаган жарандар жоопкерчиликке тартылышты. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жарандарга карата 2 протокол түзүлүп, 11 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган. Мындан тышкары, жаратылышты коргоо, айлана-чөйрөнү таза сактоо жана таштанды калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштабоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.