Биз социалдык тармакта

Орусия Йемендеги жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр экенин билдирди

Орусия Йемендеги өкмөт менен хуситтердин ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Алимов билдиргенин чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышты.

Анын айтымында, эгер жаңжалга катышкан тараптар Орусиянын ортомчулугуна кызыкдар болсо, Москва бул ролду аткарууга даяр. Бирок азырынча тараптардан мындай сунуш түшө элек.

Буга чейин, 5-октябрда Йемендин президенти Рашад аль-Алими хуситтер көзөмөлдөгөн аймактарды кайтаруу максатында аскердик операция башталганын жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан