"Ак-Жол" көзөмөл жайында чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташууга аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Салык кызматы билдирди.
Маалым болгондой, текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миң 100 даана товар Казакстандан Кыргызстанга тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келгени аныкталды. Товарлардын жалпы баасы 800 миң сомдон ашат. Бул факт боюнча ташып келе жаткан адамдарга тиешелүү актылар түзүлүп, транспорт каражаты айып короого киргизилди.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен чара көрүлөрү маалыматта кошумчаланды.