Биз социалдык тармакта

Сауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун ишин белгисиз мөөнөткө токтотту

Сауд Арабиясынын бийлиги хуситтердин бир катар чабуулдарынан кийин Эр-Рияддагы "Падыша Халид" атындагы эл аралык аэропорттун ишин токтотуу мөөнөнтүн узартты. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, өткөн аптада аэропортко жасалган чабуулдардан кеминде 18 адам каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алды. Сауд Арабиясынын Жарандык авиация башкы башкармалыгы аэропорттун иши качан жанданарын так билдирген жок. Авиакомпаниялардын биринин өкүлү чектөөлөр кеминде жумуш аптасынын аягына чейин созулушу мүмкүн экенин айтты.

Мындан тышкары, аэропортту тейлеген үч станцияга чейин метро поезддеринин каттамдары да токтотулганы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан