Биз социалдык тармакта

Францияда муздаткычтарга жасалган киберчабуулдан улам жүздөгөн дүкөндөрдөгү азыктар бузулду 

11-октябрда Франциядагы супермаркеттердин муздаткыч техникаларына жасалган киберчабуулдан улам азык-түлүктөр бузулуп, айрым дүкөндөрдө өрт чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка ылайык, хакерлер муздаткыч жабдууларынын жөндөөлөрүн алыстан өзгөртүп, ичиндеги температуранын 50 градуска чейин көтөрүлүшүнө себеп болушкан. Чабуулдан 150гө жакын дүкөн жабыркады. Муздаткычтар алты саат бою иштебей тургандыктан ысып, санитардык коопсуздукту сактоо максатында ичиндеги азык-түлүктөр жок кылынды.

Учурда Париж прокуратурасы окуя боюнча тергөө жүргүзүп жаткандыгы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан