Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кечээ, 19-октябрда Пхеньян шаарында өткөн кийим-кече жана бут кийимдердин ири көргөзмөсүнө барды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Маалыматтарга караганда, иш-чарадан түшкөн сүрөттөрдү Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги жарыялады. Кадрлардан Ким Чен Ын кызы менен биргеликте көргөзмөгө коюлган буюмдарды карап, коштоп жүргөн адамдар менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот.
Буга чейин Түндүк Кореянын лидери инсульт алып, комага түшкөнү тууралуу маалымат тараган.