Бүгүн, 20-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарында Азербайжан жана Өзбекстан президенттеринин кыздары Лейла Алиева, Саида Мирзиёева, ошондой эле Түркмөнстан лидеринин эжеси Огулжахан Атабаева жолугушту.
Чет элдик басылмалардын маалыматтарына караганда, алар Ашхабадда өтө турган "Эне-жаратылыш" эл аралык көркөм сүрөт көргөзмөсүнүн маанисин талкуулашкан. Сүйлөшүүдө биргелешкен экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу жана балдарга кам көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулган.
Белглей кетсек, Ильхам Алиевдин кызы Гайдар Алиев атындагы фонддун вице-президенти, ошондой эле коомдук ишмер, IDEA экологиялык уюмунун негиздөөчүсү жана "Баку" журналынын башкы редактору. Ал эми Шавкат Мирзиёевдин кызы президенттик админстарциясынын жетекчиси.
Огулжахан Атабаева Гурбангулы Бердымухамедов атындагы муктаж балдарга жардам көрсөтүү боюнча кайрымдуулук фондунун дарылоо иштери боюнча вице-президенти.