Биз социалдык тармакта

Шакиранын айкели торттон жасалды (видео)

Социалдык тармактарда Zeinascakery аттуу сауд арабиялык кондитер өзүнүн кезектеги эмгегин тартуулады. Ал белгилүү колумбиялык ырчы Шакиранын келбетин чагылдырган, адам бою менен бирдей өлчөмдө торттон скульптура жасаган.

Кондитер бул эмгегинин алдына мындай деп жазган: "Мен дүйнөлүк жылдыз Шакирага өзгөчө ыкма менен таазим кылгым келди. Ошондуктан анын айкелин адам бою менен бирдей өлчөмдө торттон жасап, өзгөчө чыгармачылык жолуна жана дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга дем-күч, шыктануу бергенине болгон терең урмат-сыйымды билдиргим келди".

Белгилей кетсек, Шакира 18-октябрда Бишкек шаарында концерт берди.

Шакиранын айкели торттон жасалды (видео)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан