Ырчы Анжелика Кайратованын кызы Элима Бекболиева Miss Supermodel Worldwide-2026 эл аралык сулуулук сынагына катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда ырчы соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал сынактын алгачкы күнү кечээ, 19-октябрда өтүп, катышуучулар улуттук кийимдерин көрсөтүшкөнүн белгиледи. Анда Элима кара түстөгү көйнөгүн алтын түстөгү этно элементтер менен толуктаган.