Биз социалдык тармакта

Гелендвагенде самсы саткан жаранга чара көрүлдү (видео)

Бишкек шаарындагы "Бишкек Аренанын" аймагында соода жүргүзгөн Mercedes Benz G-Class үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна чара көрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда мэриянын Муниципалдык инспекциясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 286-беренеси (Соода эрежелерин бузуу) боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом айып пул салынган.

"Ошондой эле соода жүргүзүү үчүн тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алуу зарылдыгы түшүндүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин "Бишкек Аренанын" аймагында аталган унаанын багажында самсы саткан жарандын видеосу тараган.

Мерседес Гелендвагенде самса саткан жаранга чара көрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан