Биз социалдык тармакта

Ошто акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды

Ош шаарында акча алмаштыруучу жайдын ээсин өлтүргөн жаран өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, сот өкүмү 28-сентябрда чыгарылды. Ага ылайык, айыпталуучуга мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалды. Учурда соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Эскерте кетсек, 24-майда экинчи борбор шаарда акча алмаштыруучу жайдын ээси бычакталып каза болгон. Милиция шектүү кармалганын, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголгонунун билдирген.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан