Бишкек шаарындагы Айтматов проспекти менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде кызды курал менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 29-октябрда болду. Белгисиз адам унаанын ичинде олтуруп, кыздын дарегине карата сөгүнгөн сөздөрдү айтып, аны куралга окшош нерсе менен коркуткан. Бул видео интернет желесине тарады.
Шектүү катары 37 жаштагы С.Б. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Учурда "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.