Биз социалдык тармакта

Айдоочу, абайлаңыз! Төө-Ашууда жол тайгак экени айтылууда (видео)

Бүгүн, 5-ноябрда Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Аба ырайынын кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу тескөөчүлөр айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, унаанын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.

"Учурда башкармалыктын өздүк курамы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында кызмат өтөөдө. Кар жаап жатат, жол тайгак",- деп кошумчаланат маалыматта.

Айдоочу абайлаңыз! Төө-Ашууда абал начарлады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан