Социалдык тармактарда "Өзгөндө интернаттын директору мени уруп, балдарымды бербей жатат" деген аялдын видеосу тарады.
Аталган факт Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын милициядан билдиришти.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынары кошумчаланды.