Бүгүн, 5-ноябрдан тарта Бишкек шаарындагы №7, 9, 33, 36, 48, 62, 105 жана 216 автобус каттамдарынын кыймыл схемалары өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, мындай чектөө Ауэзов көчөсүнүн Чүй проспектинен Сагымбай манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн унаа кыймылы үчүн жабылышына байланыштуу киргизилүүдө.
Мэрия өзгөртүлгөн каттамдарга байланыштуу жүргүнчүлөрдөн сапарларын алдын ала пландап алууга чакырат.