Биз социалдык тармакта

Пайдубалы тургузулбаган батирлерди сатууга тыюу салынат (видео)

Өлкөдө пайдубалы тургузула элек көп кабаттуу батирлерди сатууга тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда курулуш министри Нурдан Орунтаев жыйында билдирди.

Анын айтымында, мындай чара жарандардын укуктарын коргоо жана курулушка бөлүнгөн акча каражаттарынын туура эмес пайдаланылышына жол бербөө максатында кабыл алынууда.

"Пайдубал - курулуштагы эң оор этап. Жер жумуштары жана жер алдындагы курулмалар бүткөндөн кийин үстүнкү бөлүгүн тургузуу оңой болот. Ушул себептен пайдубалы тургузулганга чейин батирлерди сатууга тыюу салынат. Бул негизде биз биринчиден жарандардын укуктарын коргоо боюнча жана ошондой эле кандайдыр бир акча каражаттарды туура эмес багытта кетип калбашын көзөмөлдөп турабыз",- деди ал.

Өлкөдө жеке курулуш компанияларына тышкы башкаруу киргизилет
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан