Иса Ахунбаев көчөсүнүн уландысын куруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки тилкеде жер жумуштары аткарылууда. Ошондой эле жол алты тилкелүү болуп, шаардык инфраструктураны жакшыртууга, транспорттук байланышты кеңейтүүгө, шаар ичинде жол кыймылын жеңилдтүүгө өбөлгө түзөт.