Биз социалдык тармакта

Бишкекте айдоочуга агрессия көрсөткөн жаран сотко жеткирилди (видео)

Бишкектин Фучик көчөсүндө айдоочулардын ортосунда чыккан пикир келишпестиктен кийин бир жаранга протокол түзүлдү.

Биринчи Май райондук милициясынын маалыматына ылайык, окуя 4-ноябрда болгон. Социалдык тармактарда тараган видеодо белгисиз жаран башка айдоочуга агрессивдүү мамиле жасап, коомдук тартипти бузганы көрүнөт.

Бул факт боюнча милиция тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, окуяга катышкан 1988-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран аныкталган.

Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесине ылайык протокол түзүлүп, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн райондук сотко жеткирилген.

Бишкекте айдоочуга агрессия көрсөткөн жаран сотко жеткирилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан