Биз социалдык тармакта

"Тез жардам" кызматынын башчысы мамлекеттик тил боюнча чуулгандуу окуяга түшүндүрмө берди (видео)

"Тез жардам" кызматына кыргызча кайрылган жаранды жоопсуз калтырган окуя боюнча Бишкек шаардык "Тез жардам" борборунун жетекчиси Егор Борисов маалымат берди.

Борисов аталган окуя боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

"Диспетчердик кызматка күн сайын 2 миңден ашуун чалуу болот. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Бул окуядан тиешелүү тыянактар чыгарылып, мындай көрүнүштөр кайталанбашы үчүн зарыл болгон чараларды көрөбүз",- деп билдирди жетекчи кыргыз тилинде.

Эскерте кетсек, буга чейин "Тез жардам" кызматынын диспетчерине кыргызча кайрылган жаранга жооп бербей койгон окуя соцтармакта кызуу талкуу жараткан.

Тез жардам кызматындагы тил маселеси боюнча маалымат берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан