Биз социалдык тармакта

Таластагы 4 унаа катышкан жол кырсыгы боюнча толук маалымат берилди

Кечээ, 5-ноябрда Талас районунда төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен беш адам каза болду.

ЖКККББнын маалыматына ылайык, Toyota Camry үлгүсүндөгү унаа Жерге-Тал - Калба автожолу менен жогорку ылдамдыкта бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада Honda Accord, Kia Soul жана Honda Civic унаалары катышкан жол кырсыгы болду.

Окуя болгон жерди кароо учурунда Toyota Camry унаасы саатына 160 чакырым ылдамдыкта бара жатканы аныкталды.

"Ошондой эле аталган унаанын айдоочусу мурда айдоочулук укугунан ажыратылган. Ага карата мурда кабыл алынган чаралардын мыйзамдуулугу жана кызматкерлердин аракеттери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө",- деп кошумчаланды маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан